Парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде бүгүн, 7-апрелде мамлекеттик укук коргоо органдарынын 2013-жылдагы ишмердүүлүгү талкууланды. Тема боюнча баяндама жасаган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бактыбек Аширов менен депутаттардын ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Маалымат бергенден кийин Аширов өкмөттүн жыйынына барышы керектигин айтып, айрым депутаттардын каршы болгонуна карабай залдан чыгып кетти. Бул депутаттардын нааразычылыгын жаратты. Комитет төрагасы Анарбек Калматов комитетти сыйлабаганы үчүн аны кызматтан алууну демилгелеш керектигин билдирди. "Ишинин жыйынтыгы кандай экенин көрдүк, ал эми бул кишинин комитетке кылган мамилеси мындай",- дейт Калматов.