Ош облустук казыяты Араван районундагы мечиттерди дин боюнча китептер менен камсыз кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде КРнын Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун мусулмандар казыяты мечиттерди китеп менен камсыз кылуу буйругунун негизинде облус казысы Ниязали ажы Арипов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча жетекчиси Курбаналы Узаков, Араван райондук акиминин орун басары жана Араван районунун башкы имамы, ошондой эле жума окулуучу мечиттердин имамдары, жергиликтүү жамааттын катышуусунда Араван районунун борбордук мечитинде жыйын болуп өттү.
Жыйында облус казысы Ниязали ажы Арипов жума баянын айтууда бир канча маселелерге токтолду. Илим-билим, үгүт-насаат (даават), адеп-ахлак, улуттар аралык биримдик, ошондой эле мамлекетибиздин динге болгон көз карашы түз экендиги жана колдоо көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө кеңири баяндап өттү.
Андан кийин КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков сөзгө чыгып, мечиттерди китеп менен камсыз кылуу демилгесин колдоо менен облус казысы Ниязали ажы Ариповго ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттин бүтүндүгүн көрө албаган кээ бир чагымчыл күчтөргө жол бербөөгө чакырып, биздин мамлекеттей дин эркиндиги кээ бир мусулман өлкөлөрдө да жок экенин баса белгиледи. Жыйын соңунда Ош облусунун казысы Араван районундагы жума окулуучу мечиттердин имамдарына жана медресе мүдүрүнө казыяттын атынан диний китептерди тапшырды.