Оппозиционер Мамбетжунус Абылов Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевди сотко берди
Бүгүн, 7-апрелде 10-апрелде өтчү оппозициянын
митингине комендант болуп дайындалган Мамбетжунус Абылов Бишкек
ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевге карата Свердлов райондук сотуна арыз берди.
Бул тууралуу Мамбетжунус Абылов SUPER.KG порталына
билдирди.
"Мага жалган
жалаа жапкандыгы үчүн бүгүн ал киши боюнча Свердлов райондук сотуна арыз бердим",- деди
оппозиционер.
Эскерте кетсек, буга чейин ал Мелис Турганбаевди "мурда кылмыш иши
ачылган Мамбетжунус Абылов менен келишимге кол койбойм" деп айткандыгы
үчүн сотко берерин билдирген.