Исмаил Исаков тийиштүү мыйзам долбоору менен тааныштырып, анда тыюу салуу Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында коюлуп жатканын белгиледи.
"Коюлган тыюуларды текшерүү бир гана прокуратура органы тарабынан ишке ашат. Документке ылайык, аткаминерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чет элдик банктардан эсеп ачууга, акча сактоого тыюу салынат",- деди ал.