Бишкекте “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014” акциясы старт алды (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 7-апрелде “Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!” урааны менен "Жаштардын жакшылык жумалыгынын" ачылыш аземи болуп өттү. Ага шоу чөйрөнүн өкүлдөрү Ассоль Молдокматова, Салтанат Аширова катышты. Ошондой эле жаш таланттар бийчи Жан Воинов жана Аяна Касымова өз өнөрлөрүн көрсөтүп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.         

Иш-чаранын жүрүшүндө Ассоль Молдокматова: "Менин апам балдар үйүндө чоӊойгон. Ушундан улам мен ийгиликке жетсем да, жетпесем да, чоӊойгондо балдар үйүндөгү балдарга жардам берем деп айткам. Кайрымдуулук - бир гана материалдык жардам эмес. Силердин жардамга муктаж адамга кылган жылуу мамиле, айткан таттуу сөзүӊөр - мына ошол жакшылык. Ошондуктан, жаштар, балдар үйүнө барып, алар менен баарлашып, ойноп келишиӊерди суранат элем",- деп салтанатка келген жаштарга кайрылды.

Эл аралык жаштар фондунун координатору Мамыржан Абдуллаев иш-чаралар, “Жаштардын жакшылык жумалыгы” кампаниясы Кыргызстанда 2012-жылдан бери USAID тарабынан каржыланганын жана Эл аралык жаштар фондунун “Jasa.kg” программасынын демилгеси менен жүзөгө ашырыла баштаганын белгилеп өттү. "Бул кампания бүткүл дүйнө жүзү боюнча “Бүткүл дүйнөдөгү жаштардын кызмат кылуу күнү” деген аталышта белгилүү болгон. Ал жаштарга жана балдарга арналган эӊ чоӊ иш-чара болуп саналат. Ар жылы бул иш-чарага алты континенттеги 100дөн ашуун өлкөдөгү миӊдеген коомчулуктун жаштары катышат. 

Бул жолу аталган кампаниянын катышуучулары балдар үйүнө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, карылар үйүнө акцияларды уюштуруп, социалдык инфраструктуранын объектилерин калыбына келтирүүгө жардам беришип, жардамга муктаж жана үй-жайы жок адамдарга тамак-аш таратышып, бактарды актап, флешмобдорду жана жүрүштөрдү, акысыз кеӊеш кызматтарын, спорттук оюндар менен мелдештери уюштурушуп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырышат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erhan
2014-04-07 21:03:20
Ушундай шандуу оюн-зооктор болуп турса жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан