Талант Узакбаев "эми шарп оорусу чыккан аймактан башка облустар өз продукциясын экспорттоону уланта беришет" дейт

ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин демилгеси менен “Ветеринария жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору Нарын шаарында коомдук талкуудан өттү. Мыйзам долбоордун демилгечиси Талант Узакбаевдин айтымында, документтин максаты - калкты жана малдын ден соолугун сактоону камсыз кылуу, малдын азыктарын жогорулатуу, мамлекеттик ветеринария кызматынын так аныкталган башкаруу байланышын түзүү. Ошондой эле “ветеринардык зона” деген түшүнүк киргизилүүдө.

“Мисалы, Баткен облусунда шарп оорусу чыкса, чет өлкөлөрдүн рыногу Кыргызстанды толугу менен жаап салышат. Ал эми ветеринардык картаны чийгенден соң, шарп оорусу чыккан аймактан башка облустар өзүнүн продукциясын чет өлкөлөргө экспорттону уланта бермекчи”,- дейт Узакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан