Жогорку Кеңештеги “Ынтымак” депутаттык тобу коалициялык көпчүлүккө кошулат. Муну бүгүн, 7-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 8-апрелде Жогорку Кеңештин “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясына Жогорку Кеңештин “Ынтымак” депутаттык тобунун кошулушу жөнүндө макулдашууга кол коюлат.
Иш-чара саат 11:00дө болот.
Айта кетсек, аталган топто депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Шаршенбек Абдыкеримов жана башкалар бар.