Кант шаарындагы №2-мектепте мугалимдер окуу куралдарын колдонбой балдарды мектепке даярдап жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев бүгүн, 7-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырып, алардын абалы менен таанышты.

Кант шаарындагы №2-мектепте болгон депутат мектепке чейинки балдарды даярдоо класстарында окуу куралдары жок сабак өтүп жаткан мугалимдердин ишин сынга алды. Андан соң Дмитриевка айылындагы социалдык жактан муктаж болгон кыздардын жатаканасы менен таанышып чыкты.

Эске салсак, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин “Чүй облусунун билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив, массалык маалымат каражаттарынын иштеринин абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги” деген темада көчмө жыйын өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан