Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев дүйнө салды

Бүгүн, 7-апрелде бүт өмүрүн театрга арнаган залкар талант, КРнын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен тастыкташты. 

Маалыматка таянсак, акыркы жылдары Бакирдин Алиевдин ден соолугу начарлап, эки көзү көрбөй, үйүнөн өз алдынча чыга албай калган.

Залкар талант кыргыз кереметтери болгон "Уркуя", "Мен - Тянь-Шань", "Караш-караш окуясы", "Эски тегирмен" тасмаларына, "Чиркин өмүр" телесериалына тартылып, ошондой эле сахнада жүздөн ашуун роль жараткан.

Бакирдин Алиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-апрелде саат 10:00дө Көк-Жар айылында өтмөкчү.  Артисттин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Bagysh
2014-04-07 18:51:40
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
+3
barsa1984
2014-04-07 18:53:32
Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Бакирдин ата.!!! Кудайым бейишинен жай берсин!
+4
sema.
2014-04-07 18:59:09
sonyn akter ele jatkan jeriniz jailyy bolsyn
+1
baibai71
2014-04-07 19:15:29
Жаткан жери жайлуу болсун Бакирдин ава
+1
asko93
2014-04-07 19:23:07
Жаткан жери жайлуу болсун,Топурагы торко болсун
+1
kuba.kg
2014-04-07 19:31:26
жаткан жери жайлуу болсун
+1
Bella-life
2014-04-07 19:58:46
Атанын жаны Жаннаттан болсун.
+1
maksnarin
2014-04-07 22:42:23
жаткан жери жайлуу болсун!;(чыныгы залкар талант эле!
+1
boztalaa
2014-04-08 00:17:21
Ии байкуш ава жаткан жери жайлуу болсун. Шаарга барып досторумду сагындым деп аткарган аваго
0
nurbolot96
2014-04-08 01:31:48
jatkan jeriniz jailuu bolsun!elesiniz jurogubuzdo saktalat.Siz jol korsotup ketken artynyzdagy shakirtteriniz jolunuzdu ulantat dep ishenebiz.
0
mi-li-na
2014-04-08 02:02:30
Эх залкар талант, Алла Таалам бейишин берсин... Кайсы бир кинодо Кара Жорго бийин ушунчалык бийик денгээлде аткарган кадры коз алдыма тартылды...
+1
akylbekkg
2014-04-08 08:38:56
mi-li-na,
"Орук зарлар" киносунда кара жоргону жакшы бийлейт!Мурда жылда нооруз майрамында берип турушчу эле ошол кинону, кийин бербей калышты го! Ал фильм 70-80 жылдары тартылса керек! Ал бийди казактар кечоо бийлей калып эле биздики дейт мына биздин далилибиз!
0
akylbekkg
2014-04-08 08:34:55
Эхх кайталангыс залкар талант! Ушинтип арабыздан дагы бир таланттуу адамыбыз дуйно салып кете берсин! Бул кайгы ага тууган, бала чакасынын эле кайгысы эмес, бутун кыргыз элинин кайгысы!! Бейиши болсун залкар адамдын!!
0
papanstan
2014-04-08 13:07:37
Жаткан жериниз жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан