Эрлан Абдылдаев Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

3-4-апрель күндөрү Орусиянын Москва шаарында КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын тышкы саясат бөлүмдөрүнүн башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде Эрлан Абдылдаев Казакстандын Тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен жолугушуп, кыргыз-казак мамилелери, саясий-экономикалык кызматташуу, аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулашты.  

Ошол эле күнү КРнын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Тажикстандын ТИМинин башчысы Сирожиддин Аслов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки тарап чек арада жол куруу, жайлоолорду пайдалануу, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча пикир алмашышты.

4-апрелде Эрлан Абдылдаев Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетекчилер Орусия жана Кыргызстандын стратегиялык кызматташуусун кеңейтүү жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тараптар Камбар-Ата ГЭС-1, Нарын ГЭС каскады, Бажы союзу жана миграция жөнүндө сүйлөшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан