Өмүрбек Текебаев коомдук ишмер Бекназаровго: "Бийликке бакиевдик адамдар толуп кетти" деп сындаган оппозициянын, сиздин айланаңызда кимдер жүрөт?"  

"Азыр президент Атамбаевдин да, оппозициянын да айланасында Бакиевдин тушундагы адамдар жүрөт, бул чындык",- деди "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Депутат муну бүгүн, 7-апрелде ММКлардын бириндеги түз эфирде коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Бекназаров азыркы бийликке убагында Бакиевди тегеректеп жүргөндөр толуп кеткенин мисал кылып "Данияр Нарымбаев, Жантөрө Сатыбалдиев кайсы бийликке кызмат кылып жүргөнү белгилүү. Атамбаев өзү кийлигишпегени менен, маселени анын айдоочусу чечип жатат" деген айыптоо койду. 

Текебаев коюлган айыптоого жообун берди.

"Туура айттыңыз, "мурунку эле адамдар" деп. "Бийликке бакиевдик кадрлар толуп кетти" деп президенттин тегерегиндеги айрым адамдардын атын атадыңыз. Азимбек баатыр, мен фамилияларын атабай эле коёюн, кураган колуңузду, айланаңызды (ред. азыркы оппозицияны) бир сыйра карап көрүңүзчү. Бакиевдин "Ак жолундагы" азаматтар менен Акаевдин убагында иштеп жүргөндөр. Атамбаев кол кураса да, сиз кол курасаңыз да, ошол адамдар басымдуулук кылып жатпайбы. Карапайым дыйкан ишенген чынчыл адамдар ар кандай себептер менен сыртта калууда. Эгерде азыр сиз жетектеген оппозиция утуп, эртең бийликке келип калса, анын өңү, тарыхы, менталитети биздикинен айырмаланбайт. Болгону мен сиздин ордуңузга барып отурам, сиз менин ордума келесиз. Ошондуктан бүгүн биз жаңы адамды тарбиялап, жаңы менталитетти калыптандырышыбыз керек. Айтылбай турган сөз эле, эл билиш үчүн ачык айттым. Атамбаев да айла жоктон ошол адамдарды пайдаланып, кырдаалды өзгөртүүгө аракет кылууда, сиз да ошол эски кадрларды пайдаланып кырдаалды өзгөрткөнү жатасыз",- деди Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан