Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан сунушталып жаткан “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууга алынды.
Долбоорго ылайык, мамлекеттик стратегиялык ишканада өндүрүштүн токтоп калышына алып келген жетекчинин аракеттери үчүн 8 жылдан 12 жылга чейин, ал эми өзгөчө оор зыян тартуу же өлкөнүн экологиясы үчүн орду толгус зыян алып келсе, 10 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталган.
Ө.Текебаев бул мыйзам долбоору түздөн-түз “Кумтөргө” байланыштуу киргизилип жатканын белгиледи.
Комитет мүчөлөрү бул мыйзамдын эгерде «Кумтөр» ишканасы улутташтырыла турган болсо, анда өндүрүш токтойт, салыктар түшпөй, айлык акыларды берүү үзгүлтүккө учурап, ири суммадагы зыян тартуу болот деген жоромолдорду четке кагууда зарыл экендигин айтышты.
Ошол эле кезде стратегиялык ишкана катары «Кумтөрдүн» ишин токтоткон жетекчилерди мыйзамдын негизинде жоопко тартууга жол ачыларын баса белгилешти. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорунун концепциясы сунуштарды эске алуу менен 1-окууда жактырылды.