Эртең, 9-апрелде Бишкектеги балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда «Кут билик» маданий баалуулуктарды жайылтуу коомдук фонду «Мектеп окуучусунун улуттук колориттеги формасы» долбоорунун бет ачарын өткөрөт.
Аталган иш-чара КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 1-11-класстын окуучуларынын мектеп формасына бирдей талапты иштеп чыгуу менен улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү максатында жарыялаган сынагынын алкагында өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.