А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 7-апрель күнү казак жазуучусу Сабит Досановдун “Жанууран” спектаклинин бет ачары болуп өттү. Аны Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын артисттери коюшту.
Аземге маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, белгилүү драматург Бексултан Жакиев, экс-министр Султан Раев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев жана башкалар катышышты.
Бул спектакль 1986-жылдагы саясий окуяларга арналган. Анда 1986-жылы Казакстан Республикасынын КПССинин башчысы Д.Кунаевдин отставкага кетип, анын ордуна Г.Колбин дайындалгандыгы, мындан улам митинг уюштурулгандыгы баяндалат. Башкы каармандар Кайрат менен Фатима окуянын көңүл борборунда болушат. Тынчтык митингине чыккан жаштардын арасында башкы каармандардын жашоосунун өзгөрүшү менен чыгарма өнүгө баштайт. Кан төгүлгөн бул каргашалуу окуяда Кайрат "киши өлтүрдү" деп айыпталып, атууга кетет. 20 жашка гана чыккан жаш жигит акталбай, өмүрү менен кош айтышат. Бул чыгарма уулунан айрылган эненин жана сүйгөнү Фатиманын күйүтү менен соңуна чыгат. Кошумчалай кетсек, чыгармада мансап үчүн күрөшкөн, эки жүздүүлүк, акыйкатсыздык, эркиндик үчүн жан урган жарандар сүрөттөлөт.
Аталган спектаклди койгон режиссёр Каныбек Дүйшөналиев: “Бул иш-чаранын максаты - бийлик менен элдин мамилесин көрсөтүү. Спектакль коңшу мамлекетте жана бизде да болуп өткөн революция процессинде жашоо менен кош айтышкан жаштарга арналат. Мында революцияга катышып калган эки жаштын тагдыры жөнүндө баяндалат. Аталган тема Кыргызстанда козголо элек болчу.
Ушундан улам ушул чыгарманы коюуну чечтик. Эл бери жакта туруп болгон окуяга баа бериш үчүн. Биз спектаклди жалпылайлы дегенбиз, анткени революция дүйнө жүзүндө болуп жаткандыктан, ал баарына тааныш”,- деп билдирди.