Баткен районунун Рават - Ак-Сай жолунун курулушу үстүбүздөгү жылдын 27-январында башталган. Жалпы узундугу 25 чакырымды түзгөн жолдун 9 чакырымы бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жолго 20 миллион сом сарпталган. Жалпысынан республикалык бюджеттен Рават - Ак-Сай жолуна болжол менен 480 миллион сом каралган.
Учурда жолдун курулушун Жалал-Абад курулуш-монтаждоо башкармалыгы аткарып жатат. Ага 8 техника тартылган.