Айыл чарба министри Сокулук районундагы асыл тукум чарбасынын иши менен таанышты

Кечээ, 7-апрелде айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл округунда жайгашкан "Чабрец" асыл тукум чарбасынын иши менен таанышып кайтты. 

Маалыматка ылайык, аталган чарба 2700,0 гектар жер аянтына ээ. Анын ичинен 1150,0 гектарын сугат, 350,2 гектарын кайрак жана 100 гектарын жайыт түзөт. Чарбанын карамагында 2 дан эгиндерин оруп-жыйноочу комбайн, 1 жүгөрү оруп-жыйноочу комбайн, 13 трактор, 58 автомашина жана башка техникалары бар. Ошондой эле ири мүйүздүү асыл тукум мал чарбасы, эт-сүт азыктарын жана дан эгиндерин өндүрүү менен алектенет. 2013-жылы чарба 743 тонна сүт, 150 тонна эт, анын ичинен 60 тонна уй этин жана 90 тонна чочко этин өндүргөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан