Бишкектеги Чыгыш университети окуучулар арасында "Аалам ата-энеден башталат" аттуу эссе сынагын өткөрөт

"Аалам ата-энеден башталат" аттуу темада 11-класстын окуучуларынын арасында эссе жазуу үчүн сынак жарыяланды. Демилгени Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика кафедрасы көтөрүп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Уюштуруучулар эссенин авторунун толук аты-жөнү, окуган мектеби, байланыш телефону сөзсүз көрсөтүлүүсүн эскертет. Эссе электрондук дарек аркылуу 2014-жылдын 30-апрелине чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан