Дастан Бекешев: "Көчөгө таштанды ыргыткандарды коомдук иштерге тартып жазалашыбыз керек"  

"Көчөгө таштанды ыргыткандарды акча төлөтүү менен эмес, коомдук иштерге тартып жазалашыбыз керек" деп билдирди депутат Дастан Бекешев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 8-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, өнүккөн өлкөлөр мындай тажрыйбаны ийгиликтүү колдонууда.

"Айып пул деп койгондо "акчам жок" деп кутулуп кетпегидей болушу керек. Таштанды ыргыткан жаранды коомдук иштерге тартуу зарыл. Бишкек мэриясында көйгөй, жасалбай жаткан иштер толтура, аны жасоого жумушчу күч жетишпейт. Мисалы, "Тазалык" ишканасын алсак болот",- деди депутат.

Тийиштүү мыйзам долбоору 1-окууда комитетте колдоо тапты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан