Борбор калаада “Жаш талант-2014” сынагы өтөт

М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында 10-апрель күнү шаардык “Жаш талант-2014” сынагы өтөт. Ага Бишкек шаарындагы балдар музыкалык жана искусство мектебинде окугандар катышышат. 

Уюштуруучулардын айтымында, сынактын максаты - классикалык музыканы жайылтуу, келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттарды табуу жана музыкалык окуу жайда окугандардын жөндөмүн өстүрүү үчүн аларга методикалык жана практикалык жардам берүү. 

Сынак 4 номинацияда жүргүзүлөт: фортепиано, кылдуу аспаптар (скрипка, виолончель), оркестр (үйлөмө, урма) аспаптары, классикалык гитара. Ага 7-16 жашка чейин 94 катышуучу катталган. 

Ар бир номинациянын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрү дипломдор жана акчалай сыйлык менен сыйланышат. Катышуучулардын таланттарын М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын, М.Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын профессионал окутуучуларынан түзүлгөн калыстар тобу баалайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан