Депутаттар “айымдарды сойкулукка тарткандарга 500 миң сом айып салуу реалдуу эмес” дешти

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде бүгүн, 8-апрелде айымдарды сойкулукка тарткандардын жазасын күчөтө турган мыйзам долбоору талкууланды. Депутат Кенжебек Бокоев кылмыштын аталган түрүнө күнөөлүү жаранга 300-500 миң айып пул салуу реалдуу эмес экенин билдирди. “Бул реалдуу түрдө төлөнө турган суммабы? Менимче, алар муну төлөй алышпайт”,- деди депутат.

Демилгечи Кожобек Рыспаев: “Бул боюнча мага эч ким сунуш менен кайрылган жок. Мындай иш менен алектенгендер коркушсун, ойлонушсун. Айып пулдун өлчөмүн көп кылууну көпчүлүк колдоп жатат”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан