Социалдык өнүктүрүү министрлиги: 2014-жылдын биринчи кварталында жарандардан 207 арыз түштү

2014-жылдын биринчи кварталында Социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандардан түшкөн 207 арызды карап чыкты. Түшкөн арыздардын 76 пайызы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. ЖКнын депутаттарынан 40, өкмөттүн аппаратынан 42, ал эми президенттин аппаратынан 24 маселе келип түшкөн.

“Министрликке түшкөн арыздардын 24 пайызы ар түрдүү жеңилдиктерди көрсөтүү, 165 арыз гуманитардык же материалдык жардам сурагандар болгон. Ошондой эле арыздарда мамлекеттик жөлөк- пул, майыптык топту аныктоо боюнча, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, улгайып калган адамдарга жардам сурашкан”,- деп билдирет министрликтин коомдук кабылдамасынын жетекчиси Тамара Султанбекова.

Анын айтымында, социалдык колдоо сурагандардын эң азы Талас облусу боюнча катталып, ал 2 пайызга барабар болгон. Бишкек шаарынын жашоочулары эң көп кайрылышкан, башкача айтканда, 35 пайызды түзгөн. Жыл башынан бери министрликтин жетекчилиги 57 адамды, анын ичинен министр 37 адамды кабыл алган. 

Коомдук кабылдама 413 жарандан түшкөн арызды оң жагына чечип берген. Ошондой эле ишеним телефонуна 7 чалуу түшкөнү да маалымдалат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан