Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Республикалык топтоо пунктунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандар салтанаттуу түрдө узатылды. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандар Улуттук гвардияга жана "Кой-Таш" аскер бөлүгүнө бөлүнүп, жөнөп кетишти.
Кошумчалай кетсек, мындай иш-чаралар республиканын башка Топтоо пункттарында да жүрүп жатат. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын, Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүндө жана Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду коштоп жүрүү департаментинде кызмат өтөшөт.