Ош. Айтмамат Кадырбаев Июнь окуясында жабыркаган жарандын дарылануусуна 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүп берет

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2010-жылы Июнь окуясында жарадар болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Жусупбек Акпарали уулун кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага бир нече жолу операция жасалган, бирок ичинде дагы бир ок калып калгандыгына байланыштуу аны операция жолу менен алып чыгуу керек. Анын Италияда дарылануусуна 30 миң евро өлчөмүндөгү каражат талап кылынат.  

Мындан улам шаар мэри Айтмамат Кадырбаевден керектүү каражат бөлүп берүүнү жана жакында боло турган марафонду уюштурууга жардам көрсөтүүнү суранды. Өз кезегинде мэр шаардык мэриядан 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат берүүнү убада кылды.

Эске салсак, Жусупбек Акпарали уулу 2010-жылдын 11-июнь күнү Ош шаарындагы баш аламандык учурунда күзөттө турган мезгилинде ок тийип жаракат алып, 1-топтогу майып болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asiret
2014-04-08 16:52:11
ӨКМ эмне кылып жатат жардам бербей. Кызмат учурунда болуптур мамлекет толугу менен каржылап берсин операцияга кетчү 30 000 еврону.
+2
asiret
2014-04-08 16:53:18
Эгерде чиновниктердин бири ушинтип калса 300 000 евро деп мамлекеттен өндүрүп алмак.
0
erikkarakulja
2014-04-08 21:30:55
Мыйзам боюнча окмот толоп берууго милдеттуу
0
Dolbooruwka
2014-04-09 04:30:26
оштун мери жакшы иштеп жатат!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан