“Эгер премьер-министр мекеме башчыларын дайындоодо туура эмес кадам жасаса, биз унчукпай калбайбыз”,- деп билдирди бүгүн, 8-апрелде журналисттерге ЖКдагы коалициялык көпчүлүктүн лидери Феликс Кулов.
“Бул маселе президенттин буйругунда жана коалициялык макулдашууда бекемделген. Кандайдыр бир туура эмес чечимдер болсо, биз сунуш айтып, премьердин катачылыгын түзөтө алабыз”,- дейт Кулов.
Айта кетсек, жаңы коалиция түзүлүп жатканда президент Алмазбек Атамбаев фракциялар өкмөт курамын гана түзүү менен чектелиши керектигин, мекеме жетекчилерин өкмөт башчы өзү дайындай турганын сунуштаган эле.