“Камила Талиевага коюлган дооматтар боюнча өзү менен олуттуу сүйлөшүү жүргүздүм, ал өз ишиндеги кемчиликтерди эске ала турган болду”,- деп билдирди журналисттерге 8-апрелде “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов. Айтымында, сүйлөшүү Талиеванын талапкерлигин маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунуштоо алдында болду.
“Депутат Айнуру Алтыбаева айткан сындар боюнча да сөз болуп, Талиева өзүнүн жардамчылары менен катчысын эмнеге иштен айдаганын түшүндүрүп берди. Алар жумушка болгон талаптын катуулашына чыдабаганы үчүн иштен бошотулганын айтты”,- дейт Кулов.