Алмазбек Атамбаев өкмөт алмашканына карабай Каржы министрлиги негизги принциптерди сакташы керектигин айтты

Бүгүн, 8-апрелде президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Жолугушууда үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруу маселеси талкууланды. Министр Лаврова мамлекет башчыга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн бекемдөө жана фискалдык саясатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Алмазбек Атамбаев Каржы министрлиги өкмөт алмашылганына карабастан, бюджеттик саясатта негизги принциптерди сактап, жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча милдеттенмелерди каржылоону камсыз кылууга тийиш экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын программасында камтылган долбоорлорду өз учурунда каржылоонун маанисин баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан