Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандарды коомдук иштерге тартуу боюнча 2013-жылы күчүнө кирген мыйзам иштебей жатканын билдирди. Муну депутат ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 8-апрелдеги жыйынында айтты. Айта кетсек, комитет аймактык милиция кызматкерлерин жарандардын коомдук иштерди аткаруусун көзөмөлдөөгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду, маселе пленардык жыйында каралмакчы.
“Жарандарды коомдук иштерге тартуу соттун чечими менен гана ишке ашат, коомдук иштин түрүн жергиликтүү бийлик аныктамакчы. Иштин аткарылышын ички иштер органдары көзөмөлгө алышат”,- деди Бекешев.
Депутаттар мыйзам долбоорунун аткарылышы кыйын экенин белгилешип, бирок колдоого алышты.