«2015-жылы боло турган парламенттик шайлоого активдүү аралашыш керек. Мамлекеттик кызматты ээлегенден кийин, албетте, саясий аракеттер мыйзамга карама-каршы келип калышы мүмкүн. Салык кызматында 2260 киши иштегендиктен, саясий иш-аракеттерди жасасам туура эмес деп кызматтан кеттим. Эми мен колдон келген аракетимди жасадым, калган иш-аракеттерди кийинки келген жетекчилер улантышы керек”,- деди “Кыргызстан коммунисттер” партиясынын лидери Исхак Масалиев.
Эскерте кетсек, бүгүн, 8-апрелде Масалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагалык кызматынан өз арызы менен кетти.