Дүйнөлүк саясатчылардын телефонго сүрөткө түшүп жаткан учурлары (фото)

Америкада бейсболчу Дэвид Ортиздин өзүн-өзү президент Барак Обама менен кошо сүрөткө тартып алуусу (селфи) талкуу жаратты. Ал тургай бул окуя Обаманын телефонго бирөөлөр менен түшкөн акыркы сүрөтү болуп калышы мүмкүн экени айтылууда.

Бейсболчу президент менен жолугушканда телефонуна тартып алган экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн “Кандай сыймык! Селфи үчүн рахмат, Барак Обама!” деген жазуу менен Twitter аркылуу жарыялаган эле. Мындан кийин президенттик администрациянын өкүлдөрү Обаманын сүрөтү жарнамалык максатта колдонулганы үчүн “Samsung” компаниясына нааразычылык билдирген. Мындан ары Обама бирөөлөр менен телефонго сүрөткө түшпөй турганы айтылганын чет элдик ММКлар жарыялашкан. 

Канткен күндө да электорат менен кызматташуу үчүн селфи (өзүн-өзү телефонго сүрөткө тартуу) ири саясатчылар үчүн ыңгайлуу экенин төмөнкү сүрөттөрдөн көрүүгө болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан