Садык Шер-Нияз, режиссер: "Учурда “Курманжан датка” тасмасынын үн жазуу иштери жүрүүдө”

"Кыргыз кинематографиясындагы эң ири долбоор болгон “Курманжан датка” тасмасынын үн жазуу иштери жүрүүдө" деп фильмдин режиссёру Садык Шер-Нияз бүгүн, 8-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.  

“Учурда тасманын компьютердик иштеп чыгуу, цифралык графика жана өң коррекциялоо иштери жүргүзүлгөнү турат. Толугу менен фильм 2 айда даяр болот. Андан соң Санкт-Петербургга, Москвага эл аралык стандарттан өткөрүү үчүн жөнөтөбүз. Тарыхый фильмдин бет ачары кайсы күнү орун аларын айта албайм. Аны өкмөт, Маданият, маалымат жана  туризм министрлиги, “Кыргызфильм” чечет”,- деп кошумчалады ал. 

Эске салсак, “Курманжан датка” тасмасын “Кыргызфильм” жана “Айтышфильм” студиялары 2012-жылы тартып баштаган.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dadasdasd
2014-04-08 20:43:30
Чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Буйруса бул филм кыргызды дагы бир жолу даңазалайт деп ишенем.
0
momuntay
2014-04-08 21:01:34
ишинизге ийгилик Садык Шер Мырза. Кино мыкты болсо тарыхый тасма менен бирге сиз да тарыхта жашап калышынызга ишенем
+1
Mech.kg
2014-04-08 21:30:05
Кызыгуу ,чыдамсыздык менен кутуп келебиз.Чет элдиктер коро турган кино болот деп ишенебиз.
+1
J_n_a
2014-04-08 22:52:44
Menda bul filmdi 1 jyldan beri kutomun.
0
skatoruk
2014-04-09 09:48:55
Ишенич чон жакшы кино болооруна
0
asi_312kg
2014-04-09 15:07:23
кутобуз чыдымсыздык менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан