Гана мамлекети тропикалык мөмө-жемиш зыянкечтерине каршы колдонуучу каражатты мындан ары Кыргызстандан алып кетет

Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Гана Республикасынын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Кристоф Арндт менен жолугушту. 

Мырза Кристоф Арндт министрге КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызагробиоборбору" тарабынан Кыргызстанда өндүрүлүп жана колдонулуп жаткан биопрепараттар менен кенен таанышып чыккандыгын айтты. Кыргызстанда өндүрүлгөн биокаражаттардын ичинен "Амблисейус" биопрепаратына кызыгуулар пайда болуп, аны Африкадагы тропикалык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине колдонсо болорун белгилеп өттү. Бул биокаражатты Гана Республикасына алып барып, ал жерде өздөштүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө "Кыргызагробиоборбордун" базасында биопрепараттарды өндүрүү, аларды айыл чарбасында колдонуу боюнча Гананын айыл чарба адистерин окутуу иш-чаралары белгиленди. Ошондой эле айыл чарба биотехнологиясы боюнча семинар-окууларды өткөрүү боюнча Эл аралык борбор түзүү маселеси талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстанда өндүрүлгөн биокаражаттар Африканын Гана Республикасынын айыл чарбасында колдонула турганы белгилүү болду. Эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтери органикалык айыл чарбасынын технологиясын жайылтуу жана экологиялык айыл чарба азык- түлүктөрүн өндүрүү боюнча мындан ары кызматташууну уланта бериши жөнүндө макулдашылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан