17-апрелде Бишкекте жаштардын курултайы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде “Жаштар өкмөтү” кыймылынын лидери, экс-депутат Максат Кунакунов SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, курултай республикалык деңгээлде өткөрүлөт. Ага делегаттарды шайлоо айыл аймактарында жүргүзүлүүдө.