Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 8-апрелдеги жыйынында “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын массалык жокко чыгарылышын жана геологиялык чалгындоо жана өндүрүү иштеринин көлөмүнүн кескин кыскарышын болтурбоо үчүн иштелип чыкканы айтылды. Геологиялык изилдөөдө, чалгындоодо жер кыртышын бузгандыгы үчүн компенсациялар төлөнөрү белгилүү болду. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 2-3-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.