Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын укуктарын кеңейтүүнү демилгелешүүдө. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 8-апрелде ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде талкууланып, жактырылды. Мыйзам долбоору кабыл алынса, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар бала багып алуу укугун алышмакчы.