Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 11-апрелиндеги протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 6-мартында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн протоколдун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички зарыл болгон жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Казакстан тарапка кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.