Парламенттин Транспорт жана коммуникация, архитектура жана курулуш, Эл аралык иштер боюнча комитети Баткенде көчмө жыйын өткөрөт. Иш-чара 21-22-апрель күндөрүнө белгиленген.
ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, жыйындарда эл аралык келишимдер менен курулган мекемелер менен таанышуу, жашоочулар менен жолугушуу орун алат, аймактагы көйгөйлөр талкууланат.