Өкмөттүн 8-апрелдеги жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын биринчи кварталындагы иштердин жыйынтыгы менен таанышты. Ошондой эле өкмөттүн программасын ишке ашыруу жана 2013-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчёт даярдоо боюнча тапшырма берди.
Өкмөт башчы ЖКнын 3-апрелиндеги токтомуна ылайык, тез аранын ичинде ишке киришүүсү зарыл экенин баса белгилеп өттү. Премьер-министрдин айтымында, өкмөттүн программасы КРнын 2013-2017-жылдардагы өнүктүрүү стратегиясына болгон кадамдардын бири экенин айтып өттү. Мындан сырткары жаңы өкмөттүн принциптеринин бири болуп ачык-айкындуулук, калктын көрсөткөн ишеними экенин кошумчалады.
“Ачыктык менен гана бийлик менен коомчулуктун ортосундагы диалогду түзө алабыз. Ар бир жаран өкмөт кандай иштерди аткарып жаткандыгы тууралуу билиши керек”,- деди Оторбаев.