Бүгүн, 8-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония - таланттардын уясы” деген аталышта концерт өтүүдө. Кыргыз элинин залкар акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанат алгач улуу “Манас” эпосунун негизинде коюлган чакан спектакль менен башталды. Андан соӊ филармонияда иш алып барган чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн тартуулашты.