Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисттери “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония - таланттардын уясы” аттуу гала-концерт тартуулашты. Улуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанатта көрүүчүлөр филармонияда эмгектенген 350 чыгармачыл инсандардын өнөрлөрүнө күбө болушту. Аземге маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова катышты.
Концертте филармониянын басып өткөн тарыхый жолу чагылдырылды. Алгач “Манас” эпосунун негизинде даярдалган чакан спектакль көрсөтүлүп, андан соң Токтогул Сатылгановдун, анын замандаштары Атай Огомбаев, Муса Баетовдун чыгармачылыктары чагылдырылды.
Сценарий боюнча Улуу Ата Мекендик согуш жылдары, Жеңиш күнү да бул концертте эскерилди. Кыргыз элинин өнөр казынасы болгон комуз, кыл кыяк өңдүү аспаптар ойнолгон кечеде жаңы доорго кезек келип, Эстебес Турсуналиевдин чыгармачылыгы жана азыркы филармониянын ишмердүүлүгү көрсөтүлдү. Концерттик кече Токтогул Сатылгановдун “Миң кыял” күүсү менен жыйынтыкталды.