Бүгүн, 9-апрелде "пираттык" дисктердин жайылышына каршы өткөрүлгөн маалымат жыйынында режиссёр Садык Шер-Нияз “өкмөт каражат жактан колдобосо да, моралдык жактан колдоп, кинематографияны сактап калганга көмөк көрсөтсүн” деген оюн айтты.
“Өзүңөр билесиңер, кинематографиянын өнүгүп жаткан учуру. Коом канчалык сындабасын, азыркы жаштар жараткан тасмалардын арасында мыкты сапаттагылары бар. Өздөрү далбастап каражат таап, фильм тартып жатса, "пираттык" жол менен тарап кеткени алардын кино тармагын өнүктүрөйүн деген каалоосун жоготот. Ошондуктан мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн тийиштүү чаралар көрүлүшү керек”,- деди Садык Шер-Нияз.
Белгилей кетсек, бүгүнкү “Токто, пират!” деген аталыштагы маалымат жыйынына Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз, продюсерлер Съездбек Искеналиев, Талант Кандыбаев, режиссёр Камчыбек Жумабеков, сценарист Тилек Чериков катышты. Алар бул жыйындын өткөрүлүшүнө “Көк салкын-2” тасмасынын "пираттык" жол менен тарап кетиши себеп болгонун айтып, мындай мыйзам бузууну жөнгө салган мамлекеттик органдарга кайрылуу жасашты.