Камчыбек Жумабеков, режиссёр: "Пираттык" жол менен тасманы уурдагандар, бизге убакыт бергилечи, тасмага кеткен каражатты чогултуп алганга"

"Пираттык" жол менен тасманы уурдагандар, бизге убакыт бергилечи! Тасмага кеткен каражатты чогултуп жана кийинки фильмди тартууга акча таап алганга. Андан соң мыкты сапаттагы дискти өзүбүз силерге алып барып беребиз. Башка чет өлкөлүк фильмдерди сата бергиле, кыргыз кинолорун жөн эле койгулачы, жарыбаган акчага сатпай. 

Биз “Көк салкын-2” фильмин тартууга 8 ай короттук. Үйүбүздү, машинабызды күрөөгө койгонбуз. Мындай көрүнүш токтобосо, кыргыз кинематографиясы жоголуу коркунучунда болот. Жаңы баш көтөрүп келаткан режиссёрлор тасма тарткысы келбей калат”,- деди бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында режиссёр Камчыбек Жумабеков.  

Белгилей кетсек, бүгүн “Токто, пират!” деген аталышта маалымат жыйыны болуп, ага Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз, продюсерлер Съездбек Искеналиев, Талант Кандыбаев, режиссёр Камчыбек Жумабеков, сценарист Тилек Чериков катышты. Алар жыйын учурунда "пираттык" дисктердин жайылышына нааразычылыктарын билдирип, мындай мыйзам бузууну жөнгө салуу үчүн мамлекеттик органдарга кайрылуу жасашты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан