Бүгүн, 9-апрелде 7-Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан аскерлерди коргоо митинги өттү. “Альфанын” кызматкерлеринин курал-жарактары тийиштүү экспертизадан таза чыкканын Артур Медетбеков билдирди.
“Баллистикалык жана трасологиялык экспертиза "альфачылардын” курал-жарактарынан ок чыкпаганын далилдегенине карабай сот иши 4 жылдан бери уланууда. Буларды жөндөн-жөн эле күнөөлөй берген болбойт. Күнөөсү далилденсе, алар мыйзам алдында жооп берүүгө даяр. Чыныгы күнөөкөрлөр учурда сыртта сайрандап жүрүшөт. Эгерде бейкүнөө адамдар жоопко тартылса, чыныгы кылмышкерлер Апрель окуясын кайталабайт деген кепилдик жок”,- дейт Медетбеков.