Кечээ, 8-апрелде кыргыз тасмасынын “Продюсерлер” уюму түзүлүп, расмий түрдө анын төрагасы болуп ырчы жана продюсер Съездбек Искеналиев дайындалды. Мындай маалымат бүгүн, 9-апрелде "Токто, пират!" аталышындагы "пираттык" дисктердин жайылышына каршы өткөрүлгөн маалымат жыйынында айкын болду.
“Бул уюмдун жоопкерчилиги чоң. Максаты кыргыз тасмаларынын таламын өз убагында талашуу, продюсерлердин башын бириктирүү, кайталанма темада тасма тартууну жөнгө салып, чыгашага учурабоонун алдын алуу болуп саналат. Ошондой эле уюмдун өзүнчө фонду болот”,- дейт жаңы дайындалган төрага Съездбек Искеналиев.