Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров ырчылар Омар, Арсен, Гүлжигит Калыков, Анжелика, актёр Бектемир Мамаюсупов, алып баруучу жана "Тамашоучу" Нурсултан Майназаров өңдүү маданият кызматкерлери менен жолугушту.
Зулпукаров парламенттин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, жаш ырчылардын келечекте кыргыз маданиятына чоң салым кошоруна үмүт кыларын билдирди. Маданият кызматкерлери республикадагы маданият, билим берүү тармагындагы иштер жана татыктуу жаш кадрлардын мамлекеттик кызмат орундарына келүүсү жаатында кызыккан суроолорун беришти.
“Азыркы тапта билим берүүнүн жаңы ыкмалары, жаңы окуу китептери иштелип чыгышы керек” деген вице-спикер эң алгач маданият, билим берүү жана чек арага мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулушу керектигин белгиледи.
"Жолугушуунун соңунда жаш ырчылар мамлекеттик деңгээлдеги маселелер чечилип жаткан жай менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзгөн депутатка ыраазычылык айтышты",- деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.