Кыргызстанда чиновниктердин жардамчыларын 1 жыл иштегенден кийин гана мамлекеттик кызматтарга алуу сунушталууда

Жогорку Кеңеште министр, депутаттардын кеңешчилеринин, жардамчыларынын, консультанттарынын мамлекеттик кызматка сынаксыз орношуусун чектөө демилгеленүүдө. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин 9-апрелдеги жыйынында каралды.

Демилгечи Курмантай Абдиевдин айтымында, депутаттардын, мамлекеттик органдар менен мекеме жетекчилеринин кеңешчилери, жардамчылары, консультанттары мамлекеттик кызматка сынаксыз орношуп жатканы эл ичинде нааразычылык жаратууда. “Министр, депутаттардын кеңешчилери, жардамчылары бир жыл иштегенден кийин гана мамлекеттик кызматка сынаксыз орношсун деген талапты киргизүүнү сунуштап жатам”,- дейт ал.

Талкууда депутат Кожобек Рыспаев да ушундай эле мыйзам долбоорун иштеп чыкканы айтылды. Бирок ал саясий кызматтагы адамдардын кеңешчилери, жардамчылары мамлекеттик кызматка сынаксыз орношуусу үчүн 2 жылдан кем эмес иштөөсүн талап кылууда. 

Депутаттар эки мыйзам долбоорун тармактык комитетте кайрадан карап, аларды сүйлөшүү жолу аркылуу бириктирүү чечимине келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан