Бүгүн, 9-апрелде Алай районунун Сопу-Коргон айылынын жашоочулары, депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары райондук мамлекеттик администрациянын алдына митингге чыгышты. Райадминистрациянын басма сөз катчысы Аскар Машеров учурда абал туруктуу экенин билдирди.
"Учурда 400гө жакын адам райондук администрациянын алдына турат. Алар аким Таалай Сарыбашов менен жолугушту. Алардын талабы - Жогорку Кеңештин депутаты А.Келдибековду үй камагына чыгаруу. Ал эми район жетекчиси бул маселени чечүү анын колунда эместигин айтты”,- дейт Машеров.