Жогорку Кеңеште Кыргыз-Түрк "Манас" университетине байланыштуу келишимди жаңыртуу демилгеси каралып жатат. "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши тууралуу келишим ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору ратификацияланат.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, Кыргыз-Түрк "Манас" университети боюнча кызматташтык мамилелерди кеңейтүү жана аны андан ары өркүндөтүү максатында 1995-жылы түзүлгөн келишимди жаңыртуу милдети турат. 2011-жылы мындай демилге көтөрүлгөн, бирок ал парламентте колдоо таппай калган.
Ушу тапта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 4370 студент билим алат. Анда Түркия, дагы башка өлкөлөрдөн келген студенттер да бар. Аларга кыргыз тараптан 467, түрк тараптан 152 окутуучу билим берет.