Бүгүн, 9-апрелде Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдына 400гө жакын эл нааразычылыктарын билдирип митинг өткөрүштү. Азыркы учурда алар тарап жатышат. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз катчысы Кыял Мажитов билдирди.
Анын айтымында, митингге катышып жаткан аялдар администрацияга кирип нааразычылыктарын билдиришкен. Ал эми райондун акими Таалай Сарыбашов тарабынан күч түзүмдөрү менен оперативдүү штаб түзүлүп, стабилдүүлүктү сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.