Оппозициянын 10-апрелдеги митингине Садыр Жапаров, мурунку “Ак жолдун” депутаты Максат Кунакунов катышат

Камчыбек Ташиев менен Равшан Жээнбеков жетектеген Улуттук оппозициялык кыймыл эртең, 10-апрелде Бишкекте митинг өткөргөнү жатат. Митингге аталган кыймылдын өкүлдөрү, анын ичинде экс-депутат Садыр Жапаров катышат. Иш-чарага келерин мурунку “ак жолчу” депутат Максат Кунакунов да билдирди. Садыр Жапаров кыймылга мүчө болгонун 7-апрелде билдирген.

Анда: "Биз Алмазбек Атамбаевдин авторитардык бийлигине каршы чыгабыз деген эки акциябызды артка жылдырууга аргасыз болдук. Ал эми бүгүн Улуттук оппозициялык кыймылдын программасы, максаттары жана бийликке койгон талаптары менен таанышып чыгып, бул кыймылга өзүмдүн кошулганымды билдирем. Кимде-ким чет элдиктерге сатылып жаткан Кыргызстандын байлыктары кайра элге кайтарылсын десе, мен ошолор менен бирге болом. Биз бириккенде гана олуттуу күч боло алабыз. Ошондуктан мен Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жарандарды 10-апрелде УОК уюштуруп жаткан Бишкектеги митингге катышууга чакырам. Кимде-ким каражаты же транспорту жоктугунан Бишкекке келе албаса, анда аларды облустук борборлордо 10-апрелде өтчү митингдерге келүүгө үндөйм. 10-апрелде митингде жолукканча саламатта болгула",- дейт Садыр Жапаров.

Митинг М.Горький атындагы сейил бакта өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан