Улуттук оппозициялык кыймылдын 10-апрелде өтүүчү митингинде элдик кошуундар болот. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде митингдин коменданты Мамбетжунус Абылов SUPER.KG порталына билдирди.
“Кечээ митингге катыша турган оппозициядагы саясий лидерлер менен жолугуштум. Лидерлердин ар биринен 15 же 20дан элдик кошуунга мүчө алып келүүсүн өтүндүм. Алар менин сунушума макул болушту”,- деди Абылов.
Митинг 11:00дөн 17:00гө чейин М.Горький атындагы сейил бакта өтөт.